Бул китеп Джош Макдауэллдин «911 Долбоору. Психологиялык тез жардам» кызматынын бир бөлүгү. Кызматтын максаты — жаштар менен чоӊ адамдардын тил табышууга келүүсү жана Кудайдын эркине негизделген мамилени үй-бүлөсүндө жакшыртуу.
Джош Макдауэлл
Эд Стюарт
ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОР
Ыраазычылыктар
Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду;
Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган;
Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз.
Шондун окуясы
Жаштар тобу унааларды жуу аркылуу жыйындын жайкы лагерине төрт жүз отуз доллар иштеп таба алышты, бирок алардын эсинде калганы бул эмес, суу чачышуу оюну болду. Тыныгуу убагында Шон Уильямс аттуу шок өспүрүм жетектеген жаштар тобу эки шлангды ээлеп алышып, өздөрүнүн кичүү курдаштарына ок атышууну (тактап айтканда, суу атышууну) башташты. Мындайды күтпөгөн тигилер да өздөрүн жоготпостон, колдорундагы челектеги суулары жана самындалган губкалары менен чабышып, каршылык көрсөтө башташты.
Жаштар кызматын жетектеген Даг жана Джинни Шоулар согушуп жаткан эки тараптын ортосунда калышты. Алардын жашы отуздан ашып калган эле. Бирок алар да өздөрүн жоготуп койбостон, суу чачылып баштаар замат, унаасындагы суу пистолеттерин ала калышып, алдына туш болгондордун бардыгын аткылай башташты. Жыйынтыгында, жыйырма мүнөттүк согушуудан кийин алардын эч кимисинин кургак жери калган жок жана бардыгынын ичтери каткырыктан улам ооруп жатты. Аптаптуу күнү эки саат иштегенден кийин, бул эӊ сонун эс алуу болду.
Бардык иштер бүтүп, жаштар үйлөрүнө тарай баштаганда, Шон атайылап эле достору аны үйүнө жеткирип коюуну «унутуп калышына» жол берди. Анан ал жуу каражаттарын кладовкага жыйнаштырып салып жаткан Даг менен Джинниге жакын келип:
— Эгерде каршы болбосоӊор, мен силер менен үйүмө жетип алсам болобу? — деп сурап калды.
— Албетте, каршы эмеспиз, — деди Даг. Ал ушуну күтүп турган эле.
Шон ичинен жылмайды, анткени Даг менен Джинни ал үчүн өтө маанилүү адамдар болушчу. Ал бир нерсеге муктаж болгондо, алар дайыма аны колдоп турушаар эле. Жана азыр да алар ага жардам бере алаарын Шон билип турду.
Даг бир кафеге токтоп, ал жерден шам-шум этип алууну сунуш кылды. Шон менен Джинни дароо макул болушту: себеби алар унаа жуу жана суу чачышуу оюну менен ушунчалык алек болушкандыктан, тамак жөнүндө унутуп калышкан эле.
— Мен силер менен бир нерсе жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле, — деди олуттуу үн менен Шон, тамактарга буйрутма бергенден кийин.
— Мен да, сенин тынчсызданып жатканыӊды көрүп турам. Бүгүн сен адаттагыдан тынч жана көӊүлүӊ жоктой көрүндүӊ. Албетте, суу согушу жөнүндө сөз жок! — деди Джинни.
Шон жылмайгансып карап койду да, анын тынчын алган нерселер жөнүндө айта баштады.
— Бул аябай олуттуу нерсе, мен эмне кылышты билбей турам. Мага кандайдыр бир кеӊеш берерсиӊер.
— Шон, биз сени угууга жана колубуздан келген жардамыбызды берүүгө даярбыз, — деп Даг боорукер жылмайып, аны ишендирген үн менен айтты.
Официанттар суусундуктарды алып келишти. Өзүнүн ойлорун чогултууга аракет жасап, Шон стакандагы коласын түтүкчөсү менен аралаштырып койду да:
— Менин досум Кев жөнүндө санаам тынчыбай жатат, — деди акырында.
— Кев… Сен Кевин Колвин жөнүндө айтып жатасыӊбы? Ал сени менен кээде жыйынга келген балабы? — деп сурады Джинни.
— Ооба, так ошол бала. Биз аны Кев деп коебуз. Анын ата-энеси ишенбегендер. Ал болсо Ыйса Машаякка өзүнүн Куткаруучусу катары ишенип калгандыгын айтат. Акыркы күндөрү ал өзүн бир кызыктай алып жүрө баштады.
— Анда кандайдыр бир көйгөйлөр барбы? — деп сурады Даг.
Шон тереӊ дем алып:
— Мен билбейм. Бирок акыркы күндөрү ал түнт болуп кетти. Дагы бир нерсе менин тынчымды алып жатат.
Даг ага жакындап:
— Эмне болду? — деп сурады.
Шон үчүн оор болгон эскерүүлөр жөнүндө айтуу өтө кыйын болуп турду. Ошондой болсо да, ал досу үчүн муну кылышы керек эле.
— Менин оюмча, ал өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонуп жатат окшойт.
Джинни колун сунуп, анын жумшак таптап койду.
— Шон, сенин башыӊдан өткөн нерселерден кийин да, сен кайрадан ушудан өтүшүӊ керек болгонуна өкүнүп турам.
Шон ыйлагысы келип, тамагы буула түшкөнүн сезди. Эки жыл мурдагы тереӊ депрессиянын айынан ал бир ууч дарыларды ичип алгандыгы анын эсинен дагы деле кете элек болчу. Ал өмүр бою Даг менен Джинниге анын жашоосундагы эӊ оор мезгилинде көрсөткөн кам көрүүсү жана сүйүүсү үчүн ыраазы.
— Рахмат. Мени менен бардыгы жайында, бирок мен Кев үчүн коркуп жатам. Анын ата-энеси дайыма бири-бири менен урушуп жаткандыктан, Кев жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Анын улуу агалары кетип калышкан, ошондуктан ал азыр үйүндө жалгыз. Анын жакын досу Том жазында унаа кырсыгынан каза болгондон бери, ал өзүнө катылып, түнт боло баштады. Мен ошондуктан ал үчүн коркуп жатам, — деди Шон.
Муну уккандан кийин Даг сүйлөй баштады.
— Кев өзүн-өзү өлтүргүсү келип жаткандыгын көрсөткөн, анын дагы кандай жүрүмү сени шектендирип жатат?
— Бир нерсе мага абдан тааныш сезилип турат. Кев дайыма чарчагандай, анын эч нерсеге ал-күчү жоктой көрүнөт. Мен ага ишемби күнү түшкө жакын телефон чалсам, ал дагы деле төшөктө жаткан болот. Мен анын үйүнө барган күндө да, ал дайыма бир бурчка тыгылып, уктап калгысы келе берет.
— Чарчоо — биз бул белгини сенден да байкаган элек жана бул биздин абдан тынчыбызды алчу.
Шон башын ийкеп:
— Силер муну байкаганыӊар үчүн ыраазымын, — деди жумшак үн менен. — Кев азыр дайыма кара түстөгү кийимдерди кийип, өлүм менен арбалып калгандай. Жана дагы, анын маанайы да тез-тез өзгөрүп турат — бирде карасаӊ ачууланат, бирде унчукпай отура берет.
— Сен Кевдин жүрүм-турумуна көӊүл буруп жатканыӊды көрүп, кубанып жатам. Менимче, Кев жардамга муктаж, — деди Джинни.
Официанттар гамбургерлер менен куурулган картошканы алып келишти. Тамак үчүн ыраазычылык билдирип сыйынганда, Даг Кев үчүн да сыйынды.
Алар тамактана баштаганда, Шон сөзүн улантып:
— Мени өтө тынчсыздантканы, Кев өзүнүн буюмдарын башкаларга тарата баштаганы болуп жатат. Ал өзүнүн велосипедин да бирөөгө берип салды. Ал эч нерсеге кызыкпай калгандай көрүнөт. Ал бул жерде көпкө калбоо тууралуу ойлонуп жатат окшойт, — деди.
Даг менен Джиннинин жүзүндө тынчсыздануу пайда болду. Алар менен бөлүшкөндөн кийин, Шон өзүн жеӊил сезип калды.
Даг гамбургерин бир тиштеп, аны тарелкага коюп койду да, Шонду карап:
— Шон, Кев мурда да өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган жок беле, билбейсиӊби? — деп сурады.
— Билбейм.
— Ал сага өзүн өлтүргүсү келери жөнүндө айтканбы? — деп суроосун улантты Даг.
Шон башын чайкап:
— Биз анча деле көп жолуга бербейбиз. Бирок ал мага бул тууралуу эч нерсе деген эмес.
— Ал кандайдыр бир коштошуу катын жазганын көрбөдүӊбү?
— Жок, буга окшогон эч нерсени көргөн эмесмин.
Анан Джинни да:
— Эгерде сен жанында болгон кезде, ал өзүн өлтүрүүгө аракет жасап калса, сен эмне кылышты билесиӊби? — деп сурады.
Бир саамга Шон ойлоно түштү.
— Өз убагында силер жана апам мага жасаган нерсени жасайм го дейм, — деди ал. — Мен тез жардамды чакырмакмын жана ал келгиче анын жанынан эч жакка кетпейт болчумун.
Ал өзүнүн эсинде калган коркунучтуу окуянын үзүндүлөрүн эстеп кетти. Шон дарыларды жуткандыгын жана андан көп өтпөй эле — анын эсинде так ушундай болчу — ал ооруканада жаткандыгын эстеди. Ал жерде анын апасы, Даг менен Джинни ыйлашып, ал үчүн сыйынып жатышкан эле. Шондун апасы дарынын бош бөтөлкөсүн көрүп, уктап жаткан уулун ойгото албай койгондо, коркуп кеткендиктен аларга телефон чалган эле. Алар дароо ооруканага жетип, Шон өзүнө келгиче анын жанында болушкан.
— Эгерде Кев өзүн өлтүрөм деп коркутса же анын өлүм алдындагы коштошуу катын таап алсаӊ, сен эмне кылуу керектигин билесиӊби? — деп суроосун улантты Джинни.
— Бирөөлөрдү жардамга дароо чакырам жана аны профессионалдуу психолог карап баштаганга чейин, жанынан кетпейм.
— Туура, –деди Джинни. — Сен баарын билериӊден эч шектенген эмесмин, бирок мен бул сөздөрдү өзүӊдүн оозуӊдан угууну кааладым. Сен ушундай олуттуу кадамдарды жасоого даярсыӊбы?
— Эч шектенбестен даярмын. Кев менин досум, анын өлүп калышын каалабайм. Мен ага жардам бериш үчүн, колумдан келгендин баарын жасайм. Анткени мага да, өз убагында башкалар жардам беришкен да, — деди Шон кайраттуу үн менен.
Джинни Шондун колуна колун тийгизип:
— Биз Даг экөөбүз сени ооруканага жеткиргенге жетишип калганыбызга Кудайга абдан ыраазыбыз. Биз сени аябай жакшы көрөбүз, — деди.
Шон жылмайып, досторуна башын ийкеп койду.
— Рахмат. Эгерде Кев чындап эле өзүнө кол сала турган болсо, эмне кылуу керектигин билем. Бирок мен акыркы мүнөткө чейин күткүм келбейт, мен ага азыр жардам бергим келип турат. Мен эмне кылсам болот?
— Сен бул суроону бергениӊ өтө кызыктуу, — деп баштады Даг. — Эки жыл мурда сен дарыларды ичип алганыӊда, биз Джинни экөөбүз өзүн-өзү өлтүрүүнү каалаган адамдардын белгилери жөнүндө өтө эле аз билерибизди түшүндүк. Биз ашыкча ишенчээк болчубуз. Биз статистикалык маалыматтарды укканбыз: күн сайын, өлкө боюнча, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган өспүрүмдөрдүн саны миӊге жакын жана анын ичинен он сегизи гана өлөт экен. Бирок машаякчылар да ушул эле көйгөйгө туш болорун эч качан ойлогон эмес элек.
Анын сөзүн Джинни улантып:
— Азыр болсо Даг экөөбүз билебиз: балдар бала боюнча кала берет экен, алар машаякчыбы же жокпу, айырмасы жок экен. Алардын көбү стресстен, канааттандырылбаган муктаждыктардан жана жалгыздыктан азап тартышат. Кээ бир балдар уруш-жаӊжалдуу начар үй-бүлөлөрдө жашагандыктан, алар депрессиянын клиникалык формасынан азап чегишет. Башкалары болсо, өздөрүн туӊгуюктуу абалга туш келгендей сезгендиктен, андан чыгуунун жеӊил жолдорун издей башташат. Көпчүлүк балдар дайыма көӊүлдүн четинде калгандыктан, алар өзүнө көӊүл бурдуруу максатында эмнелерди гана кылышпайт, керек болсо өзүн-өзү өлтүрүүгө да барышат. Биз Даг экөөбүз ушундай абалдагы балдардын жүрүм-турумундагы белгилерине көӊүл бурууну үйрөндүк. Анткени биз анын жыйынтыгы менен эле күрөшүп тим болбостон, анын тамырын таап, айыктыруубуз керек, — деди.
— Мен да так ушуну Кев үчүн кылгым келет. Силер мага жардам бере аласыӊарбы? — деп суранды Шон.
— Албетте, — деп ишендире сүйлөдү Даг. — Биз азыр сага, акыркы эки жылдын ичинде өзүбүз эмнени үйрөнгөн болсок, ошолор тууралуу айтып беребиз.
Алар үчөө тамактанып бүткөн соӊ, Шон Кевиндин кызыктай жүрүм-турумуна кандай мамиле кылуусу керектиги тууралуу бир нече пайдалуу кеӊештерди алды. Сөзүн аяктап жатып, Даг аны кубаттап:
— Биз сенин Кевинге жардам бергиӊ келип, ал үчүн тынчсызданып жатканыӊды абдан баалайбыз. Жана сенин бир нерсени билишиӊди каалайбыз: биз сага жардам берүүгө ар дайым даярбыз. Бизге бардыгын айтып тур, суранам жана жардам керек болсо, кайсы убакыт болбосун, бизге телефон чалуудан тартынба. Биз сен үчүн сыйынып турабыз. Кев үчүн да сыйынабыз, — деди.
Ошол түнү Шон Даг менен Джиннинин айткандары тууралуу ойлонуп, көпкө чейин уктай алган жок. Алар берген кеӊеш жакшы болчу, эми Шон ошону ишке ашыра алышы үчүн Кудайдан жардам сурап, сыйынып жатты. Ал Кевге өзүнүн кам көрүүсү жана сүйүүсүн көрсөткөнгө чейин, ал өзүнө зыян келтирип албастыгы үчүн да сыйынды.
Балким, сиз да, Шон сыяктуу, өзүӊүздүн досуӊуздун жүрүм-турумунан тынчсызданып жаткандырсыз. Сиз эмне болуп жатканын так айта албасаӊыз да, досуӊуздун өзүн өлтүрүүсү жөнүндө ойлонуп жатканынан шектенип жаткандырсыз. Ошондуктан сиздин ал үчүн тынчсызданып жатканыӊыз толугу менен түшүнүктүү, анткени биздин убакта өзүн-өзү өлтүрүү — мектеп окуучуларынын арасындагы өлүмдүн экинчи ири себеби. Изилдөөлөргө таянсак, жыл сайын алты жарым миӊ өспүрүм өзүн-өзү өлтүрөт — жана бул нерсе бир жарым саат сайын болуп турат! Ошондуктан сиздин досуӊуздун жүрүм-турумунда да өзүн өлтүргүсү келген белгилер пайда боло баштаса, ал өзүнүн бул оюн ишке ашыра электен мурда, бир нерсе кылуу керек.
Бул көйгөйдүн олуттуулугунун үч деӊгээли тууралуу сөз кылсак болот.
Биринчиден, кээ бир өспүрүмдөр чындап эле өзүн өлтүрүүгө
Экинчиден,
Үчүнчүдөн, Кевин Колвин сыяктуу өспүрүмдөр өзүн өлтүрүү тууралуу ойду көптөн бери жашырып жүрүшү мүмкүн. Кевиндин жүрүм-турумунан байкалган белгилер сиздин досуӊузда көрүнүп жатса, бул сизди тынчсыздандыра баштайт. Эгерде сиз төмөндө берилген суроолорго «ооба» деп жооп берсеӊиз, анда сиздин досуӊуз чындап эле өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлонуп жатканын тастыктайт.
1. Сиздин досуӊуз өлүм тууралуу темага ашыкча кызыгуу көрсөтүп жатабы, мисалы: өлүм жөнүндө сүйлөшүп, ал жөнүндө суроолорду берип, өлүм темасына байланыштуу музыканы угуп же кинолорду көрүп жатабы?
2. Досуӊуз өзүнүн буюмдарын башкаларга таратып берип, же өлүүгө даярданып жаткандыгын көрсөтүп жаткан башка иштерди жасап жатабы?
3. Ал дайыма көӊүлсүз жүрөбү?
4. Сиздин досуӊуздун жүрүм-турумунда күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болобу (мыкаачылык, импульсивдүүлүк)?
5. Ал түнт болуп жана жалгыздыкта калууга умтулуп жатабы?
6. Досуӊуздун дайыма уйкусу келип тургандыгын байкайсызбы же ал уйкусуздуктан кыйналып жүргөнүн айтканбы?
7. Ал тез-тез чарчап калып жаткандайбы?
8. Кооптуу иш-чараларга жакын болгондугу байкалабы, мисалы, унааны же башка транспортту коркунучтуу башкаруу, муздак же ок атуучу куралдар менен ойноо?
Албетте, мунун бардыгы сиздин досуӊуз өзүн өлтүрүүгө даярданып жатат дегенди билдирбеши мүмкүн, бирок ал өзүн-өзү өлтүрүүнү оор абалдан чыгуунун жолу катары карап жатышы мүмкүн. Эгерде сиз да Шондун кылганындай, жаштар кызматынын жетекчиси же сиздин жыйындын кызматчысы, же ата-энеӊиздин бирине өзүӊүздөгү кооптонууларыӊызды айтып берсеӊиз, анда сиз акылдуу иш кылган болосуз. Бир нерсени ишке ашыруу убактысы келди.
Жогоруда айтылган белгилердин артында кандай көйгөйлөр катылышы мүмкүн? Өспүрүмдүн өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонуусуна эмнелер себеп болот? «Жашаганга караганда, өлүп калуу жакшы» деген чечимге түрткөн себептердин бир нечеси төмөндө берилген. Алардын бири же бир нечеси досуӊуздун сизди тынчсызданткан жүрүм-турумунун негизинде катылган.
Эгерде сиздин досуӊузда да, Кевин сыяктуу эле, өзүн-өзү өлтүрүүнүн белгилери көрүнө баштаса да, баары бир үмүт бар. Сиз анын өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлоруна түрткөн жүгүн жеӊилдетүү үчүн, кандайдыр бир кадамдарды жасай аласыз. Эгерде сизде Даг жана Джинниге окшогон, тажырыйбалуу машаякчылардын сыйынуу колдоосу менен жетектөөсү болсо, анда жакшы, анткени сиз аларга ар убакта жардам сурап кайрыла аласыз. Бирок сиздин мындай жакын адамдарыӊыз жок болгон күндө да, досуӊузга сиз өзүӊүз жардам бере аласыз. Шон да азыр ошенткени турат.
Шондун окуясы
Кевинди чогуу бир нерсе кылууга көндүрүү Шон үчүн абдан кыйындай сезилип жатты. Мурда алар чын көӊүлдөрү менен велосипеддерин чогуу тебишчү, эми болсо, күтүлбөгөн жерден Кевин өзүнүн кымбат баалуу велосипедин бирөөгө белек кылып берип салды. Шондун ар кандай сунуштарына — чогуу видео оюндарын ойноого, тренажер залына барууга же бейсбол талаасына чыгып келүүгө — Кевинден «Мен эч нерсе кылгым келген жок» же «Мен чарчап турам» деген гана жоопторду угуп жатты.
Бирок Шон Кевинге дарыяны бойлой кеткен жолдо ролик тээп келүүнү сунуштаганда, ал кызыга түштү. Ишемби күнү эрте менен аба ырайы ачык эле, Шон Кевинди төшөктөн тургузуу үчүн жана гараждын ичинен роликтери менен тизе каптарын табууга жардам берүү үчүн, ага саат ондо келди. Он бир жарымда алар чоӊ ылдамдык менен дарыяга жакындай башташты. Кев жол бою сүйлөгөн жок. Шон болсо, роликти мыкты тепсе да, досун алдыга чыгарып, ал үчүн сыйынып жатты. Ал Кудайдан Кевиндин кызыктай жүрүм-турумунун себептерин түшүнүү үчүн, ага керектүү сөздөрдү жана чыдамкайлыкты берүүсүн сурап жатты.
Алар жолдун жарымын өтүп калганда Кев чарчап калды. Шон бир аз эс алып, суу ичип алууну сунуш кылды эле, Кев дароо макул болду. Алар тизе каптарын чечип, дарыянын жээгинде турган узун отургучка отурушту.
— Ээ Кев, кандай сонун! Биз экөөбүз ушинтип көптөн бери көӊүл ача элекпиз го, — деди Шон, колундагы суусун досуна сунуп.
— Ооба, билем — деди Кев, тереӊ дем алып. Ал бөтөлкөдөгү суудан жутуп, дарыя тарапты кыймылдабастан карап калды. Ушул маалда Шон досун карап турду. Ал өӊү өчкөн кара шорта жана көрүстөндүн жанында түшкөн рок группасынын сүрөтү бар эски футболка кийип алган эле. Тармал кара чачы анын кайгылуу бети менен ичине кирип кеткен көздөрүн жаап турду. Кев өзүнүн сырткы келбетине, спорт менен машыгып жатса да, дайыма жакшы көӊүл буруп жүрчү. Шон аны карап, ал өзүн таптакыр таштап койгонун байкады.
Ал Даг жана Джинни менен акыркы сүйлөшкөнүн эстеп, тоӊуп турган музду талкалап көрүүнү чечти.
— Кев, мен көптөн бери сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, — деп абайлап баштады сөзүн Шон.
Кев унчукпастан сууну карап тура берди.
Шон болсо сөзүн улантып:
— Акыркы күндөрү экөөбүз аз көрүшүп калдык. Бардыгы жайында элеби… айткым келгени, экөөбүздүн ортобуздагы мамиле мурункудай жакшы элеби? — деди.
Кев ийиндерин кууштуруп койду.
— Ооба, менимче, бардыгы жакшы эле.
— Менин оюмча, сен акыркы күндөрү эч нерсе кылгыӊ келбей калгандай көрүнөт.
— Менин колум бошобой жана чарчап жүрөм.
Шон бир саамга сүйлөбөй туруп калды да, досун тажатып жибере элегинен үмүттөнүп, сөзүн улантты:
— Сен эч ким менен сүйлөшпөй, өтө эле түнт болуп кеткендейсиӊ. Сенин иштериӊ жакшы элеби?
Кев бир аз унчукпай турду, анан Шонду карап:
— Анчалык жакшы эмес, — деди. Анын жүзүнөн тереӊ кайгынын белгиси байкалды.
— Мен сага бир нерсе менен жардам бере аламбы? — деп сурады Шон.
Кев кайрадан ары карады, андан кийин башын шылкыйтып жерди тиктеп калды. Акырында ал:
— Эмне, сен менин ата-энемди ажырашуудан токтотуп кала аласыӊбы жана менин мектептеги экилеримди оӊдой аласыӊбы? — деди.
— Сенин ата-энеӊ ажырашып жатышабы?! — деп таӊ калды Шон.
Кев акырын гана башын ийкеп койду.
— Атамдын өзүнүн кеӊсесинде башка «курбусу» бар экендигин апам билип калган экен. Ал атамды үйдөн кууп чыгып, мени менен да көрүшүп туруусун каалабай турганын айтты. Биздин үйүбүз азыр астын-үстүн болуп жатат.
Шон колун досунун ийинине койду.
— Кев, бул абдан өкүнүчтүү. Мен сенин ата-энеӊдин ортосундагы мамиледе көйгөйлөрү бар экендигин билгем, бирок ажырашуу… Бул абдан оор болушу керек.
Башын ылдый салган Кев көздөрүн эки жолу ирмеп, колу менен мурдун ушалап койду. Шон эч качан досунун ушунчалык кайгырганын көргөн эмес эле. Ал досунун тамагы буулуп, ыйлагысы келип турганын сезди.
— Эгерде сен бул тууралуу сүйлөшүүнү кааласаӊ, мен сени угууга даярмын, — деп сунуш кылды Шон.
Кев аны жек көрүү менен карап:
— Шон, сага мунун кереги жок, — деди.
— Сен эмне дегиӊ келип турат?
— Менин айткым келгени, сен буга кийлигишпей эле кой. Сенин өзүӊдүн көйгөйлөрүӊ жетиштүү жана меникине кийлигишүүнүн сага эч кандай пайдасы жок.
— Кев, биз экөөбүз доспуз да, жана мен…
— Ии ооба, кээде экөөбүз чогуу велосипед жана коньки тебебиз, — деп Кев анын сөзүн бөлдү. — Бирок бул сен менин көйгөйлөрүмдү өзүӊө алышыӊ керек дегенди билдирбейт.
— Уксаӊ, биз доспуз, муну унуткан жоксуӊбу? — деп каршылык көрсөттү Шон. — Эгерде сенде кандайдыр бир көйгөйлөр болсо жана мен сага жардам бере алсам, мен муну кылгым келет. Жөн эле сени угуп коюу керек болсо да.
Кев кайрадан ары карап отурду да, ойлоно баштады. Шон болсо досу үчүн сыйынып жатты.
— Жардам берүүгө өтө эле кеч болуп калды деп корком, — деди шыбыраган үн менен Кев.
Бул сөздөрдү укканда Шондун денеси муздап кетти.
— Сен эмне дегиӊ келип турат?
— Маанисиз. Менин ата-энем бири — бирин жек көрүшөт жана мага эптеп эле чыдап жүрүшөт. Улуу агаларым мени мите курт деп эсептешет. Мен окууларымды таштап койдум, ошондуктан бардык сабактарымдан эки. Менин эӊ жакын досум Том өлүп калды, башкалары болсо мени менен мамилелешкиси да келбейт. Сенден башкасы.
— Сен Томду сагынып жүрөсүӊбү, ээ? — деп сурады Шон. — Сен өзүӊдү жалгыз сезип жатканыӊ үчүн жүрөгүм ооруп турат. Жана мектепте да кыйынчылыктарыӊ бар экендигин билген эмес элем. Кечирип кой, Кев.
Кев оор дем алды. Анын бетинде жан дүйнөсү канчалык кыйналып жаткандыгы тартыла түштү.
— Мен бул жерде пайдасыз эле орунду ээлеп жүрөм, мен баарынан тажап кеттим, — деди ал.
Шон досун чыканагы менен түртүп:
— Сен
Кев күлүп, колун Шондун ийинине койду да:
— Рахмат, дос, — деп акырын, шыбыраган сыяктуу айтты. Бир аз унчукпай турган соӊ, ал жакын досунан ажыраган убакта ата-энесинин да ажырашып жаткандыгынан улам, канчалык кыйналып жүргөндүгүн айта баштады. Ушул убакыттын ичинде анын ичи да катуу ооруп, аны кыйнаганын жана дайыма уйкусу келип жүргөндүгүн да айтып берди. Ал ушунчалык кыйналгандыктан, эч нерсеге көӊүл бура албай калган эле, ошондуктан сабактарынан да артта кала баштаган. Кев бардыгын кууп жетеринен шектенип, буга аракет кылуунун кажети да жок деп ишенген экен.
— Кев, сенин абалыӊдан мен эмне дешти билбей турам. Мен билем, ата-энеӊдин ажырашуусу жана башка нерселер абдан оор болот, — деп Шон алдын карады да, досунун тизесине муштуму менен койгулады. — Мунун бардыгы сенин жашооӊдо болуп жатканы үчүн мен өкүнүп турам.
Кев, ошондой эле, агалары тараптан четке кагылгандыктан, аны кандай сезимдер толтуруп жаткандыгы жана достору жок болгондуктан, өзүнүн жалгыз калганы жөнүндө да айтып берди.
— Мен билем, бул өтө оор. Бирок биз экөөбүз доспуз жана экөөбүз чогуу муну жеӊе алабыз, — деп аны ишендирди Шон.
Андан соӊ Шон сыйынды, анын сыйынуусун бир гана Кудай жана Кев укту.
Бир нече мүнөттөн кийин, досун сооротуп бүтүп, Шон ага:
— Кел, жолдун акырына чейин тээп баралы да, анан тамактанып алалы? — деп сунуш кылды.
Кевдин артынан ээрчип бара жаткан Шон Кудайга, досун сооротууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн, ыраазычылык билдирди. Алар отургучта сүйлөшкөн убакыт бардыгынын башталышы гана экендигин түшүнүп турду. Бирок Шон Даг менен Джиннинин кубаттоосу менен, акырына чейин барууга даяр эле.
Достор жолдун акырына чейин жетишип, дарыянын жээгине жакын жайланышышты. Буттарын чечип, муздак сууга салышып, Шон кичинекей рюкзагынан алып чыккан сендвичтер менен чипсыларды жей башташты. Дарыя тараптан соккон салкын жел алардын маанайын көтөрүп, кубаттап турган эле. Шон Кевиндин жүзү жаркырай түшкөнүн байкады жана бул күндүн жаркырап турганынан да артык нерсе болду.
— Уксаӊ, мен чындап эле, сенин мектебиӊдеги абалыӊды билгим келип турат. Сен канчалык артта калдыӊ жана кайсы сабактар менен сен көбүрөөк кыйналып жатасыӊ? — деп, чипсыга толгон оозу менен сүйлөдү Шон.
Мектептеги жетишкендиктери жөнүндө эске салганда Кев онтоп жиберди.
— Ооба, башкалардан сырыӊды жашырууга мүмкүн эмес, — деди Кев, мыйыгынан жылмайып.
— Мен сенин жараттарыӊды чукулагым келбейт, бирок, балким, мен сага бир нерсе кылып, жардам бере алармын, — деди Шон.
— Ээ, Шон, семестрдин аяктаарына бир эле ай калды. Дүйнөдөгү эӊ күчтүү компьютер да мени сактай албайт, — деди Кев.
Андан соӊ ал биология менен адабият сабактарынан алда канча артта калгандыгын жана дагы башка үч сабактан да эптеп эле кармалып тургандыгын айтып берди. Ал өтө көп үй тапшырмаларын калтырган эле, ошентип, экзаменге да даяр эмес болгондуктан, ал алардын биринен да өтө алмак эместигин айтты.
Шон көӊүл коюп уккандан кийин:
— Сени «жакшы» жана «эӊ жакшы» деген баага жеткире албасак да, «үч» деген баага жеткире аларыбыздан эч шектенбейм. Жок дегенде сен аттестат ала аласыӊ да. Буга кандай карайсыӊ? — деди.
— Сен менин бааларымды оӊдоого жардам бергиӊ келип жатабы? — деди Кев, ишенбегендей түр менен. — Бирок эмне себептен? Сен окуганды ушунчалык жакшы көрөсүӊбү?
Шон жылмайып:
— Сен бардыгын түшүнүп турасыӊ го. Мен жөн гана сага жардам бергим келип турат, болгону ушул. Достор дагы эмне үчүн керек эле? Жыйындагы башка балдар да сага чын жүрөктөн жардам беришет деп ишенем, — деди.
— Силер мен үчүн тапшырмаларды аткарып берүүнү каалап жатасыӊарбы?
— Жок, мен бул жөнүндө айткан жокмун, — деп түшүндүрө баштады Шон. — Сен сабактардан кууп жетишиӊ үчүн, калтырган сабактарыӊды текшерип чыгышыӊ керек. Анан чогуу контролдук иштерге даярдана баштайбыз.
— Силер мага жардам бересиӊерби?
— Так ошондой. Мен адабият менен тарыхты жакшы билем, мен сага булар менен жардам бере алам. Ал эми Рейчел Девид болсо сага математика менен биологиядан жардам берет. Буга эмне дейсиӊ?
— Рейчел — сонун. Ал мага жагат.
Бир нече мүнөт алар унчукпай отурушту. Анан Кев:
— Мен эмне деп ойлошту билбей да калдым, — деп баштады. — Мага эч ким, Том каза болгондон бери, өз жардамын сунуш кылган эмес эле. Ошондуктан мен өзүмдүн көйгөйлөрүм менен жалгыз калганымды сездим жана мунун баарын өзүм чечишим керек болчу. Мен үчүн мектепте да, үйдө да баарын туура кылуу уламдан-улам кыйын боло берди.
— Эми мындан ары андай эмес, Кев, — деп аны ишендирди Шон. — Сенин оор абалыӊды түшүнүүм үчүн, мага ушунчалык көп убакыт кетип калганына абдан өкүнүп турам. Бирок азыр мен сага жардам бергим келет. Жана биздин жаштар тобундагы башкалар да жардам берүүнү каалашарын билем. Алардын арасында Даг менен Джинни да бар. Сен буга макулсуӊбу?
Кев досун карап, жылмайды.
— Ооба, албетте, макулмун. Рахмат… дос! — деди ал акырында.
Артка кайткан кезде, Кев мурункудан жандуу жана көӊүлдүү маанайда болду. Шон анын ичинде кандайдыр бир күчтүн пайда болгонун байкады. Ал досунун ачык жана кубанган жүзүн көрүп, өзүн бактылуу сезди.
Мындан ары ал эми досуна күн сайын чалып жана аны менен чогуу убакыт өткөрүп турууну чечти. Ушинтүү менен ал Кевдин көйгөйлөрү ал үчүн өөн эмес экендигин көрсөткүсү келди. Жана аба-ырайы жакшы болгон күндөрү, сөзсүз Кевди ролик тээп келүүгө чакырып турат.
Шон менен Кевинге көз салып жатып, Даг менен Джиннинин берген кеӊешиндей, Шон үмүтү үзүлгөн жана түнт болуп кеткен досуна жасаган мамилеси сиздин көз алдыӊызга тартылды болуш керек. Эгерде сиздин досуӊузда да үмүтсүздүк менен айласыздыктын белгилери көрүнсө, сиз да Даг менен Джиннинин кеӊешине кулак салсаӊыз болот. Балким, сиздин мамилеӊиз Шондун Кевинге жасаган мамилесинен айырмаланып турар, бирок досуӊузга жардам берип жатып, жок дегенде төрт аспектиге көӊүл бурушуӊуз керек болот.
Бирок башында эскертүү. Өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлор жана жаш өспүрүмдү ушул ойго түрткөн анын жашоо шарты — мунун бардыгы өтө олуттуу нерсе. Шон башында Даг жана Джинни менен кеӊешип алганы акылдуу иш болду. Жана сиз өзүӊүзгө канчалык ишенип турсаӊыз да, ата-энеӊизден, жаштар кызматчысынан же сиздин жыйындагы кызматчылардын биринен кеӊеш, жардам жана сыйынуу менен колдоо сурасыӊыз, акылдуу иш кылган болосуз. Ал эми эгерде сиз өзүӊүзгө ишене албай жатсаӊыз, анда тажырыйбалуу машаякчыга кайрылып, андан жардам сураӊыз. Ошондой эле, эгерде сиздин досуӊузга дагы көбүрөөк жардам керек экендигин жана сиздин күчүӊүз ага жетпей жаткандыгын, кандай стадияда болсоӊуз да, сезип жатсаӊыз, анда жыйын кызматчысына жардам сурап кайрылыӊыз.
Жалгыздыктан улам үмүтсүздүк менен күрөшүп жаткан адамга сиз бере ала турган нерсе — бул ага өзүӊүздү арнооӊуз. Өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлоп жүргөн адам башкалар менен бекем жана ачык мамилеге муктаж болот. Шон менен Кевин дос болуп эле жүрүшкөн болчу, бирок Кевин өзүндөгү көйгөйлөрдөн улам Шондон алыстай түшкөн эле. Даг менен Джинни Шонго демилгени өз колуна алып, Кев менен болгон мамилесин тереӊдетүүнү кеӊеш кылышкан. Эгерде сиз досуӊуздун өзүн-өзү өлтүрүү оюнан бошонуусун чындап эле кааласаӊыз, анда сиз анын жакын досу экениӊизди жана аны жакшы көрөрүӊүздү ишендире алышыӊыз үчүн, сизге көп убакыт жана күч керек болот.
Досуӊуз өзүн жалгыз сезбегенге жардам берүү максатында, аны менен мамилелешүү аркылуу кам көрүүнү көрсөтүү үчүн, төмөндө бир нече ыкмалар берилген.
1. Анын жашоосуна кызыгып жатканыӊызды билдириӊиз. Өзүн-өзү өлтүрүүнү ойлоп жүргөн адамга жардам берүүнүн эӊ эле мыкты жолу — бул сиздин анын жашоосуна кызыгып жатканыӊыз жана жардам берүүгө даяр экениӊизди көрсөтүү. Шон Кевинге жардам берүү үчүн, Даг менен Джинниге кеӊеш сурап кайрылган. Эгерде сиз досуӊуздун кыйналып жатканын билсеӊиз, анда конкреттүү бир иштерди жасооӊузга түрткү болушу үчүн, жүрөгүӊүзгө ага жардам берүүсүнө жол бериӊиз.
2. Досуӊуз үчүн дайыма кол жете тургандай болуӊуз. Азап тартып жүргөн адамдар үчүн сүйүү — бул, эӊ эле биринчи, УБАКЫТ. Мисалы, Шон Кевин менен ролик тебүү жана баарлашуу үчүн убакыт бөлдү. Досуӊуз менен чогуу убакыт өткөрүү үчүн, түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү издеӊиз. Ушинтип аны менен мамилеӊизди бекемдеӊиз.
3. Досуӊуз менен ар дайым байланышта болуӊуз. Жөн гана учурашуу үчүн телефон чалып, анын акыбалын суроо менен, сиз эч нерсе кылбай жүргөн учурда да, анын жашоосуна кызыгып жатканыӊызды көрсөтө аласыз.
4. Досуӊуз үчүн сыйыныӊыз. Кудайдан аны менен мамилеӊизди кантип бекемдеп, анын сүйүүгө жана кабыл алууга болгон муктаждыгын толтуруу үчүн эмне кылуу керектигин көрсөтүп берүүсүн сурап сыйыныӊыз.
5. Досуӊузга ал — Кудайдын баласы экендигин дайыма эскертип туруӊуз. Өзүн өлтүрүүнү ойлоп жүргөн адамдар өздөрүнүн Кудай үчүн баалуулугун унутуп коюшат. Эгерде досуӊуз машаякчы болсо, анда Кудай аны сүйөрүн жана аны жогору бааларын эскертип туруӊуз. А эгерде ал машаякчы эмес болсо, баары бир ал Кудайдын бейнеси боюнча жаралган жана ал үчүн Машаяк Өз өмүрүн берген. Ошондуктан ал Кудайдын көз алдында кымбат экендигин ага көрсөтүүнүн ар кандай жолдорун издеӊиз.
6. Досуӊузга үмүт бар экендигин ишендирүүгө аракет жасаӊыз. Кевин бул дүйнөдө бекер эле орунду ээлеп турам деп эсептегендиктен, бар болгон үмүтүнүн бардыгын жоготкон. Өзүн өлтүрүүнү ойлоп жүргөн көпчүлүк өспүрүмдөр сыяктуу эле, ал да өзүнүн жашоосу жана болгон көйгөйлөрү жөнүндө акыл-эстүүлүк менен ой жүгүртө алган эмес. Мындай адамдарга үмүт берүүнүн эӊ эле мыкты жолу — бул алардын ойлору тууралуу талашып-тартышуунун ордуна, алардагы сезимдерге көӊүлүӊүздүн баарын буруу. Шон да Кевинге, анын кайгысын бөлүшүү жана сооротуу менен үмүт тартуулай алды. Ошондо гана, үмүт келген кезде, абалды туура эмес түшүнгөн ойлорун териштирүүгө убакыт келет.
7. Досуӊуз менен сүйлөшүӊүз. Шон байкагандай, Кевин менен мурда сүйлөшкөн адам болгон эмес. Өзүн басынтылган жана үмүтсүз сезген көпчүлүк өспүрүмдөр ата-энелерине өздөрүнүн көйгөйлөрү жана тынчсыздануулары жөнүндө айта албай турганын айтышат. Ошондуктан өзүнүн жашоосу жана кыйынчылыктары жөнүндө сүйлөшүүнү досуӊузга сунуш кылыӊыз. Анын оюн сыйлаӊыз жана эгерде шектүү ойлор айтыла турган болсо, аны айыптоодон алыс болуӊуз. Досуӊуз өзүнүн сезимдерин ал үчүн кам көргөн адамга ачык айта алышы үчүн, өзүн эркин сезүүсү өтө маанилүү.
Досуӊуз менен болгон мамилеӊизди тереӊдетүүгө жасаган аракетиӊиз аркылуу, төмөнкү үч аспектини да карап чыгыӊыз. Бул аспектилер да досуӊузга өлүм тууралуу ойлорду жеӊүүсүнө жардам берет.
Сиздин досуӊуз азап тартып жана өзүнө кол салууну ойлоп жаткан кезде, анын эӊ эле чоӊ сооронучу — сиз анын кайгысы менен азабын теӊ бөлүшкөнүӊүз. Көп учурда Кудай башкаларды сооротуу үчүн сизди колдонот. Элчи Пабыл жазгандай: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (2 Кор. 1:4). Сооротуу — бул бекем жана кайраттуу болууга чакыруу эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдардын жашоосунда кырсыктар боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасоо эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып тургандыгы жөнүндөгү туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы убактысы келгенде пайдалуу болушу мүмкүн, бирок булар биздин сооронууга болгон муктаждыктарыбызды толтура албайт.
Адамдар биздин оор абалыбызды сезип жана биз менен кошо кайгыруусу аркылуу бизди соорото алышат. Ыйса Өзү да досу Лазар өлгөндө сооротуу кызматын көрсөтүп берген (Жак.11 бөлүмдү караӊыз). Ыйса Лазардын карындаштары Марта менен Мариянын үйүнө келгенде, алар менен чогуу ыйлаган (33–34‑аяттарды караӊыз). Андан кийин гана Ал Өзүнүн ажайыбын — Лазарды өлгөндөн тирилтүүсү аркылуу көрсөткөн (38–44‑аяттарды караӊыз).
Эмне үчүн Ыйса кайгыдан азап тартып жаткан Марта менен Марияга: «Ыйлаштын кереги жок, Лазар жакында тирилет» — деп айткан эмес? Анткени ошол учурда алар алардын кайгысын теӊ бөлүшкөн адамга муктаж болуп турушкан. Ыйса алардын кайгысы менен көз жашын теӊ бөлүшүп, алардын муктаждыгын толтуруп берген. Андан кийин гана Ал керемет жасап, алардын кайгысын кубанычка айланткан.
Адамдар кыйналып жатканда жалгыз эмес экенин билүүсү керек, ошондо гана алар соороно алышат. Пабыл элчи да бизди: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) — деп үйрөткөн. Адамдар Кевинди кайраттуу болууга чакырып же анын башына өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлор пайда болгондун себептерин түшүндүрүүгө аракет жасашы мүмкүн. Алар Кевин үчүн кам көрүп, ага жардам бергиси келип жатканы шексиз. Бирок алар чыныгы сооротуу эмне экендигин билбеши мүмкүн. Кевин муктаж болгон сооронуу — бул Шон анын кайгысын теӊ бөлүшкөндүгүндө эле.
Сиз да досуӊузду ушинтип сооротсоӊуз болот. Анын кайгысын жана тынчсызданууларын теӊ бөлүшүӊүз. Аны кучактаӊыз, ага сиздин ийиниӊзге башын сүйөп ыйлап алуусуна жол бериӊиз. Ага: «Бул сен үчүн канчалык оор экендигин билем», «Ушунун баарынан өтүп жатканыӊ үчүн өкүнүп турам» деген сыяктуу сөздөрдү айтыӊыз. Анын сезимдери менен төӊ бөлүшкөнчө, Ыйык Жазуудан алынган кеӊештерди жана акыл үйрөтүүлөрдү айтууну токтото туруӊуз. Мына ушул сооротуу — Ыйык Жазууга негизделген сооротуу.
Кевин бир гана сооротууга эле муктаж болбостон, анын мектептеги сабактарына да жардам керек эле. Шон анын артта калып кеткен сабактарын азайтуу жана бааларын жакшыртуусуна жардамын сунуш кылып, Кевинди колдой алды. Анын колдоосунун ичине дагы көп нерселер кириши мүмкүн: Кевиндин бөлмөсүн ирээтке келтирүү, акча табуу максатында жарым күндүк жумуш табуу, жыйынга алып баруу жана дагы башка иш жүзүндөгү жардамдар.
Сиз өзүӊүздүн азап тартып жаткан досуӊузга кантип жардам бере аласыз? Ага байкоо жүргүзүӊүз жана суроолорду бериӊиз. Эгерде ал ушул учурда бир нерсе жасап жаткан болсо, анда: «Сага жардам берсем болобу?» же «Сага мен эмне менен жардам бере алам?» — деп сурасаӊыз болот. Сиздин досуӊузду тааныган башка адамдардан да, ага жардам берүүсүн сураныӊыз. Сиздин аны колдоп турганыӊыз, ага өзүнүн эмоционалдык кризисинен өтүүгө жардам берип, анын жүгүн жеӊилдетет.
• Кээде ага: «Мен сен үчүн кам көрүп жатам», «Мен сен үчүн сыйынып жатам» — деп өз колуӊуз менен жазылган куттуктоо барактарын же электрондук каттарды жөнөтүп туруӊуз.
• Досуӊузга телефон чалып, ага: «Салам! Мен сен жөнүндө унутпаганымды сенин эсиӊе салыш үчүн чалдым» деген сыяктуу сөздөрдү айтыӊыз.
• Өзүӊүз биринчи кадамды таштап, аны тамакка же жөн гана кофе ичүүгө чакырыӊыз. Болгон көӊүлүӊүздү анын иштеринин жагдайларына буруӊуз.
• Эгерде сиздин досуӊуз кандайдыр бир спорт командасында ойногон болсо же спектаклга катышса, анда бул иш-чарага катышып, сиз аны колдоп турганыӊызды көрсөтүӊүз.
• Сиздин досуӊузду тааныган башка досторуӊузду да, аны кубаттоо үчүн, сизге кошуулуусун сураныӊыз.
Сиздин сооротууӊуз, колдооӊуз жана кубаттооӊуз досуӊузга ал жалгыз эмес экендигин эскертип турат. Жана качан өзүн өлтүрүүнү ойлоп жүргөн адамдар, өздөрүнө карата сүйүүнү жана кам көрүүнү көргөндө, өздөрүнүн жашоосундагы абалдарды таптакыр башка көз менен карай башташат.
Сиз досуӊузга карай сооротуунун, колдоонун жана кубаттоонун биринчи кадамдарын жасагандан кийин, сиз анын инсандык баалуулугун ачык көрсөтүү менен, анын түшүнүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Шондо да ушул мүмкүнчүлүк, суунун жээгинде Кевин менен сүйлөшкөндөн эки жумадан кийин пайда болду.
Шондун окуясы
Мектептен Даг Шоунун үйүнө чейин жети кварталды басып өтүү керек эле. Достор жолдо келе жатышканда, Шон Кевиндин көрүнүшү эки жума мурун ролик тээп жүргөн күнгө караганда, кыйла өзгөрүп калганын байкап, бул өзгөрүүлөргө кубанып турду. Ал досунун сырткы келбети жөнүндө эч нерсе деп айткан жок, бирок Кевиндин ачык түстөгү кийимдерди кийгени, анын өзүнө карата мамилеси өзгөргөндүгүн күбөлөндүрүп жатты.
Бир нече күн өткөн соӊ, ишемби күнү кечинде жолуккандан кийин, Шондун шектенүүлөрүн тастыктап, Кевин өзүнүн катылган ойлорун ачык айтып берди. Алар чогуу волейбол матчына бара жатканда, Кевин:
— Сен мени жинди болуп калдыӊ деп ойлойт болушуӊ керек, бирок мен жашашым керекпи же жокпу деп ойлой баштаган элем. Менин жашоомдо болуп жаткан кыйынчылыктар менен салыштырганда, өлүм анчалык деле жаман эмес жолдой сезилген, — деп айтып берди.
Шон Кевинди кайрадан тынчтандырып, ал жинди эмес экендигин тастыктады. Бир нече күндөн кийин Шон Кевинге, жаштардын насаатчысы болгон Даг Шоу менен жолугушуп, үй-бүлөсүндө болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүүнү сунуш кылды. Кевин буга Шон аны менен чогуу баруусу керек деген шарт менен макул болду. Ошентип, алар бүгүн сабактар бүткөндөн кийин жолугушмак болушкан.
Даг Шон менен Кевинди өзүнүн үйүнүн эшигинин алдынан тосуп алды. Ал колуктусу Джинни экөө кичинекей басмакананы ишетишчү, а бүгүн болсо, ал балдар менен жолугуу үчүн жумушунан бир аз эртерээк келген эле. Алар үйгө киришкенде, Даг муздаткычтан үч бөтөлкө кола алып чыкты, анан алар сүйлөшүү үчүн отурушту.
Дагдын сылыктык менен, абайлап сураган суроолоруна Кевин жооп берип жатып, ата-энеси ажырашууга камынып жатышкандыгын, өзүнүн жалгыздыгын, мектептеги көйгөйлөрүн жана өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлор пайда боло баштаганын айтып берди. Шон досуна бардыгын ачык айтуу канчалык оор болуп жатканын түшүнүп турса да, анын эч нерсени жашырбай айтып жаткандыгына ыраазы болду.
— Кевин, сен экөөбүз бир нерсени макулдашып алалы, — деп Даг аны кубаттаган жылмаюу менен карады. — Сен Шонго да, мага да жана жыйындагы жаштардын баарына абдан маанилүү адамсыӊ. Ошондуктан сенде өлүм жөнүндө кичине эле ой пайда болгон кезде, ошол замат мага телефон чаларыӊды убада кылышыӊды каалайм. А мен болсо, сен качан гана мага телефон чалбагын, ошол замат сени менен сүйлөшкөнү даяр болорумду убада кылам. Сен ушундай келишимге макулсуӊбу?
Даг Кевинге колун сунду.
Шон Кевин буга эмне дээр экен деп, аны карап турду. Акырында анын досу:
— Мага жардам берүүнү каалап жатканыӊ мен үчүн абдан маанилүү, Даг. Менимче, мындан ары мен өлүм жөнүндө ойлобойт болушум керек. Бирок пайда болсо, мен сөзсүз сага чалам деп убада берем. Рахмат! — деди да, Дагдын сунулган колун бекем кысып койду. Даг да ага, ал үчүн келерки бир нече жума бою сыйынаарын убада кылды.
Андан соӊ Даг столго өзүнүн Ыйык Жазуусун алып келип койду.
— Менин оюмча, биз азыр «Кудай бизди кандайча көрөт» деген темада кыскача сабак өтүп койсок болот го дейм. Качан биз өзүбүздү, Кудай бизди көргөндөй көрө баштасак, биз Ал үчүн жана башкалар үчүн канчалык баалуу экенибизди түшүнө баштайбыз.
Шон менен Кевин баштыктарын ачышып, өздөрүнүн Ыйык Китептерин алып чыгышты.
— Жеремия пайгамбардын китебин ачкыла, отуз биринчи бөлүм, үчүнчү аят, — деди Даг. Балдар китептерин барактап, керектүү бетти табышкандан кийин, — Шон, окуп берчи, сураныч, — деп суранды Даг.
Шон жөтөлүп, тамагын тазалап алды да:
— «Теӊир мага алыстан келип, мындай деди: Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум», — деп окуду.
— Демек, азыр эле окуганыбыздай, Кудай бизди кандай көрөт экен? — деп сурады Даг.
Шон досу жооп берсин деп, унчукпай турууну чечти.
— Ал бизди сүйөт, ошондуктан, менин оюмча, Ал бизди сүйүүгө татыктуу деп көрөт.
— Туптуура, Кев, — деп жылмайды Даг. — Кудай сени сүйүүгө татыктуу деп көрөт. Ал сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөт. Ал сенин кылган иштериӊе, же жашооӊ канчалык бактысыз болгонуна, же көйгөйлөр канчалык оор болгонуна, канчалык көп катачылыктарды же күнөөлөрдү кетиргениӊе карабастан, сени сүйөт. Кудай сени сүйгөндүгүн эч качан токтоткон эмес… жана токтотуп да койбойт.
Даг Кудайдын сүйүүсү жөнүндөгү дагы бир нече аяттарды окуп берди. Кевинге Ышайа пайгамбардын китебинен (49:16) алынган: «Анткени Мен сени Өзүмдүн алакандарыма жазып койдум» деген аят өзгөчө таасир калтырды.
— Карасаӊ, Кудай бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, биздин аттарыбызды Өзүнүн алакандарына тату кылып жазып алган турбайбы! Мен Анын сүйүүсү ушунчалык күчтүү экендигин эч качан ойлогон эмесмин.
Шон менен Даг жылмайып коюшту.
Андан соӊ Даг Башталыш китепти (1:27), Римдиктерге жазылган катты (8:3–5), Петирдин биринчи катын (1:18,19) жана Эфестиктерге жазылган катты (2:10) да окуп чыкты. Анан Кев Даг сураганча эле:
— Кудайдын көз алдында биз баалуу экенбиз. Ал бизди Өзүнүн бейнеси боюнча жараткан, биз бир азга эле периштелерден ылдый экенбиз. Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өзүнүн Уулун өлүмгө берген. Ал бизди Өзүнүн шедеври деп атайт. Ал бизди мол баталагысы келет. Мунун бардыгынан биз Анын алдында баалуу экендигибизди көрсөтүп турат, — деп айта салды.
Кийинки окуган аяттарда Ыйык Рух жөнүндө айтылып жатты, анан бардыгын аяктап жатып, Кев Филипиликтерге жазылган каттагы (4:13): «Мага күч-кубат берген Ыйса Машаяк аркылуу бардыгын кыла алам» деген аятты үнүн бийик чыгарып окуду.
Бул жолу Дагдын суроосуна Шон жооп берди.
— Бул аяттарда биз Кудай үчүн пайдалуу экенибиз жөнүндө айтылып жатат. Ал бизге жөндөмдүүлүктөр менен таланттарды берген. Ал Өзүнүн Ыйык Рухун биздин ичибизде жашашы үчүн жиберген жана бизди Ал берген күч менен Ага кызмат кылууга чакырып жатат, — деди Шон.
Даг башын кубанычтуу ийкеди.
— Биз жеткилеӊ эмеспиз жана кээде өзүбүздү эч нерсеге арзыбаган адамбыз деп эсептейбиз. Бирок Кудай бизди таптакыр башкача карайт, анткени биздин ичибизде Анын Ыйык Руху жашайт. Корунттуктарга жазылган экинчи каттын, бешинчи бөлүмүнүн, он экинчи аятында, Ал бизге жакшы кабар таратуу кызматын тапшыргандыгы жөнүндө айтылат. Бул абдан сонун эмеспи, Кудай бизге окшогон жеткилеӊ эмес адамдарга башкаларды Ага алып келүү кызматын ишенип тапшырып жатат!
— Мен бул жөнүндө эч качан ойлогон эмес экенмин, — деди Кев, таӊ калганынан көздөрүн чоӊ ачып.
Анан Даг Кевге кайрылып:
— Кудуреттүү Кудай сени сүйүктүү, баалуу жана пайдалуу деп көрө турганын билгенден кийин, сен өзүӊдү кандай сезип жатасыӊ? — деп сурады.
Кевин бир нече секунд ойлонуп турду да:
— Бир жагынан, Кудай мага анчалык деле көӊүл буруп карабагандай сезилет, анткени мен өзүмдү сүйүүгө татыктуу деп көргөн жокмун, Ал үчүн да баалуу жана пайдалуу экенимди көрө албайм. Бирок башка жагынан карасам, эгерде Кудай мени ушундай адам деп караса, анда бул мен үчүн өтө чоӊ сыймык, — деп жооп берди.
— Кандай ойлойсуӊ, сенин кандай экениӊди ким жакшыраак көрүп турат: Кудайбы же сен өзүӊбү? — деп сурады Шон.
Кев бир азга ойлонуп калды, анан ал мыйыгынан күлүп:
— Шон, бул провокациялык суроо. Ким эле өзүн Кудайдан мыкты көрө алам деп айтсын? — деди.
Даг менен Шон күлүп жиберишти, анан Даг:
— Кев, мен ушу нерсени айткым келип турган. Кудай эч качан катачылык кетирбейт жана Анын көздөрү да жакшы көрөт. Эгерде Ал сени сүйүүгө татыктуу, баалуу жана пайдалуу десе — Ыйык Жазууда айтылгандай, сен Анын көзүндө так ушундайсыӊ, — демек бул ошондой. Туурабы? — деди.
Кев жылмайды да, ийиндерин кууштуруп:
— Туура, — деди.
Андан соӊ Даг экөөнө бирдей кайрылып сөзүн улантты.
— Кудай бизди кандай көрсө, биз да өзүбүздү ошондой көрүшүбүз керектигине мен ишенем. Ушинтүү менен биз жашообузда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеӊе алабыз. Эгерде биз Кудай бизди сүйөөрүн, баалаганын жана биз аркылуу иштөөнү кааларын билсек, анда биз бардык кыйынчылыктардан өтө алабыз.
Кев күтүүсүздөн олуттуу боло түштү да:
— Үй-бүлөнүн талкаланышынан дагыбы? Жакын досуӊдун коркунучтуу өлүмүнөн дагыбы? — деп сурады.
Даг анын колун кармап:
— А өзүӊ кандай ойлойсуӊ, Кев? — деди да, анын көздөрүнө түшүнүү менен карады.
Кев досу менен насаатчысынын боорукер жүзүнө карап:
— Ооба, — деди. — Менин оюмча, Кудай мага булардан өтүүгө жардам берет, анткени мен сүйүүгө татыктуумун, баалуумун жана Анын көз алдында пайдалуумун. Менимче, өз көйгөйлөрүӊдөн качуу — бул жакшы деле ой эмес, себеби Кудайдын көз карашында, менде баары жайында, — деп жооп берди.
— Сен туптуура айтып жатасыӊ, Кев. Кудайдын көз карашында, сени менен баары жайында. Биз да ошентип ойлойбуз, — деп жооп берди Даг.
Кевин жана өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлоп жаткан башка өспүрүмдөр эки нерсеге өзгөчө муктаж болушат. Биринчиси, башкалар алардын жашоосуна дароо кийлигишүүсү керек, ушинтүү менен алардын өмүрүн сактап калууга жана өздөрүн талкалаган ойлорго түрткөн шарттарды жок кылууга болот. Шон да Кевиндин ушул муктаждыгын толтуруу үчүн, аны сооротуп, колдоп жана кубаттап турду. Эгерде сиз досуӊуздун өлүм жөнүндө ойду кармап жүргөндүгүнө шектенип калсаӊыз, анда сиздин эӊ эле биринчи мамилеӊиз — анын мамилелешүүгө, сооронууга жана кубаттоого болгон азыркы муктаждыгын толтуруп берүү болушу керек. Муну колуӊуздан келишинче эртерээк жасаганга аракет кылыӊыз.
Кевиндин жана ага окшогон башкалардын экинчи муктаждыгы — алар өздөрүнө жаӊыдан көз караш менен кароосу. Өзүн өлтүрүү жөнүндө ойлоп жүргөн адамдар өздөрүн өтө төмөн баалашат. Кев өзүн бул дүйнөдө жөн гана орун ээлеп, пайдасыз жүрөт деп эсептечү. Ошондуктан ал өзүн өлтүрүү жөнүндөгү ойлорго азгырылып жүргөндүгү таӊ калыштуу эмес. Ал өзүнүн өмүрүн жашоого татыктуу эмес деп эсептеген. Анда өзүн жогору баалаган, пайдалуу жана керектүү деген сезимдер жетишпей жаткан. Сиздин досуӊуздун да өзүн өлтүргүсү келген ойлорунун тамырында ушундай эле бузулган ички сүрөт болушу мүмкүн.
Сиз досуӊуздун мамилелешүүгө, сооронууга, колдоого жана кубаттоого болгон муктаждыктарына кам көрүүнү баштаар замат, анын экинчи муктаждыгына да кам көрүүгө даяр болуӊуз. Ал өзүн Кудайдын көзү менен көрө алышына жардам бериӊиз. Балким, сиз Даг жана Шон жасаган нерсени жасоону каалайсыз: аны менен Ыйык Жазууну чогуу окуп, андагы Кудай биздин сүйүүгө татыктуу, баалуу жана пайдалуу экенибиз жөнүндө айтканы жазылган жерлерге басым коесуз. Сиздин досуӊуз өзүнүн баалуулугун көрө алышы үчүн, Ыйык Жазуудагы Кудай бизди кандай көрөрү жөнүндөгү чындыкты түшүнүшү зарыл.
Эгерде сиз досуӊуз менен Ыйык Жазууну сабак катары окуй аларыӊыздан шектенип жатсаӊыз, анда Даг Шонго жардам берген сыяктуу, сизге да жаштар кызматынын жетекчиси же жыйындагы дагы башка кызматчы жардам бере алат. Мындай сабактын максаты — сиздин досуӊуздун жашоосуна таасир тийгизе ала турган Ыйык Жазуудагы үч чындыкты белгилеп кетүү.
Көрдүӊүзбү, сиздин досуӊузга өзүн Кудайдын көзү менен көрө алууга жардам берүү канчалык маанилүү? Биз Машаяктын ичинде ким экенибизди түшүнүүбүз бирөөнүн өмүрүн сактап кала алат. Досуӊуз сүйүүгө татыктуу, Кудай үчүн баалуу жана пайдалуу экендигин канчалык көбүрөөк түшүнсө, ал өлүм жөнүндө да ошончолук аз ойлоно баштайт.
Авторлор жөнүндө
ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматынын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатында, Даллас шаарында жашашат.
ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажырыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.